Бишкектен Таласка 2100 сомдон учууга болот


Asman Airlines Бишкек — Талас — Бишкек багыты боюнча кошумча каттамдарды дайындады. Учактар 10, 11 жана 12-сентябрда үч күн катары менен каттайт.

Бир тарапка билеттин баасы 2100 сомдон башталат. Сатуу авиакомпаниянын расмий сайтында жана мобилдик тиркемесинде ачылды. Asman Airlines суроо-талап жогору болгондуктан билеттерди алдын ала сатып алууну сунуштайт.