Көчмөндөр оюндары маалында сел коркунучу бар — ӨКМ коопсуздук чараларын күчөттү


Ысык-Көлдө сел жана суу ташкыны коркунучуна байланыштуу ӨКМ VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан жайларда жана коноктор жүрүүчү каттамдарда коопсуздук чараларын күчөттү. Мекеме 300дөн ашык куткаруучу, 77 атайын техника жана эки тик учак тартылганын билдирди.

2–5-сентябрда тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда нөшөрдөн улам сел жүрүшү мүмкүн. Куткаруучулар күчөтүлгөн даярдык режимине өткөрүлүп, кооптуу жол тилкелеринде убактылуу посттор уюштурулду жана абал үзгүлтүксүз көзөмөлдөнүүдө.