ДКО 2026: Көк бөрү боюнча үчүнчү күндүн жыйынтыгы


Бүгүн, 4-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы Көк-Бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдештер уланууда.

    

Бүгүн жалпы эки оюн өткөрүлүп, төмөнкүдөй жыйынтыктар болду:

Орусия: 5  — Кыргызстан: 16.
Өзбекстан: 16 — АКШ: 6.
Ал эми үчүнчү оюнга Мажарстан мамлекетинин спортсмендери келбегенине байланыштуу, Казакстан менен болчу беттеш орун алган жок.

Бүгүнкү оюндун жыйынтыгы боюнча Кыргызстан, Өзбекстан курамалары жеңишке жетишти.