Өзгөндө окуучулар мушташып, 1 бала ооруканага жеткирилди


Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти

Маалыматка ылайык, 14-февраль күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө райондук ооруканадан 2008-жылы туулган К.Э. денесинен жаракат алып келгендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты катталып, жабырлануучуга карата бардык зарыл экспертизалар дайындалган.
Өзгөн районундагы No34 мектептин 11-классынын окуучулары өз ара мушташып, анын кесепетинен ошол мектептин окуучусу К.Э.га карата КР Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.