Союзбек Надырбеков Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды


Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Союзбек Надырбеков 1990-жылдын 16-сентябрында Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында төрөлгөн.

Билими:

* 2009-2013-жылдары — Бишкек гуманитардык университетинин «Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер» факультетин аяктаган.
* 2009-2011-жылдары — Чун-Анг университети (Корея Республикасы), «Ички жана тышкы саясат» багыты.
* 2015-2017-жылдары — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» курсу (магистратура), «Саясий институттар» адистиги боюнча аспирантураны аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгү:

* 2012-2013-жылдары — «Жаштар клубу «Лидер» коомдук уюмунун негиздөөчүсү, төрагасы.
* 2013-2015-жылдары — «KGM» туристтик компаниясы, азыркы учурда «Luna travel», башкы менеджери.
* 2015-2017-жылдары — Эл аралык кайрымдуулук фонду «Asia Children Charity», аткаруучу директору.
* 2017-жыл — «Dream K» туристтик компаниясы, башкы директору.
* 2017-2018-жылдары — III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылык, инфратүзүм жана волонтерлор кыймылы боюнча координатору.
* 2018-2019-жылдары — King Abdul-Aziz Camel Festival – Nomad Universe (Саудия Арабиясы), координатору.
* 2019-жыл — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору (TURKSOY-2019), логистика боюнча жетекчиси.
* 2019-жыл — Шанхай кызматташтык уюмунун саммити (ШКУ), логистика боюнча жетекчиси.
* 2019-2020-жылдары — «Дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясы» коомдук уюмунун маданият боюнча менеджери.
* 2020-2021-жылдары — «Республика — Ата-Журт» партиясынын парламенттик фракциясынын катчылыгынын кеңешчиси.
* 2021-жыл — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары.
* 2021-2023-жылдары — Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары.
* 2023-2024 -жылдары Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы “Улуттук маданий борборунун” башкы директору.
* 2024-жылдан баштап — Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын Президент жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертиза кылуу бөлүмүнүн башкы эксперти.