УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев билим берүү тармагындагы мектеп окуу мөөнөтүн 12 жылга өткөрүү боюнча өз пикирин билдирип, «Фейсбук» социалдык баракчасына кайрылуу калтырган.
«Саламатсыздарбы урматтуу эл журт!
Мен бүгүн өтө орчундуу болгон, эртеңки келечек муундардын жана мамлекетибиздин тагдырына чейин кесепетин тийгизе турган маселеге ачык оюмду билдирейин деп чечтим! Бул маселе азыркы учурда коомдук талкууга чыгарылган билим берүү системасындагы мектеп окуу мөөнөтүн 12 жылга чейин узартуу боюнча жүргүзүлгөн аналитиканын негизинде жаралды. Менин жеке оюм боюнча бул туура эмес, эмне үчүн?
1. Биздеги мектептеги билим берүү өтө начарлап кетти,ушул түйшүктү чечмейинче башка системага умтулуунун кереги жок.
2. Жактоочулар айтып жатышат «чет мамлекетке барып окууга ыңгайлуу болот» дешет, статистиканы алып көргүлөчү, болгону 3–5 % гана бүтүрүүчү Европа, Америкага барып окушат экен, а калгандары Орто Азия мамлекеттеринде жана өз өлкөбүздө эле жогорку билим алууну улантышат.
3. Финансылык экономикалык жагынан да өтө көп зыянга учурап калабыз, 30,0 миңден ашык кошумча мугалим, эки жүздүн тегерегинде кошумча мектеп ж. б.
4. Биз алдыңкы мектептерди жоюп, арткы мектептерге теңеп салдык, бул да чоң көйгөй болду.
Билим берүү боюнча негизинен эле айта турган болсок, биз өтө чоң кооптуу абалга бара жатабыз, себеби жогорку окуу жайда окуу жөнөкөй эле акча төлөө, «зачётканы» толтуруу жана кимдир бирөөлөр үчүн байлык топтоо системасына айланды. Университеттерге окууга барбай эле, миграцияда же чет өлкөлөрдө жүрүп эле диплом алгандар көбөйдү жана бул көрүнүш бардык жогорку окуу жайларда кездешип жатат. Университетте 200 студент диплом албаса да таза жакшы эмгеги менен билим алган 20дай студент диплом алса мамлекет үчүн алда канча пайдалуу эмеспи!
Дагы бир жолу бардык жогорку окуу жайлардын жетекчилерине эскертип кетемин: ар бир жогорку окуу жайды текшерүүгө жетишебиз, жакынкы 2 жылда коррупциясы жок мамлекетке айланабыз. Баарыбыз чогуу аракет жасашыбыз керек!» – деди Камчыбек Ташиев

