Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары жеке менчик үйлөрүнө экологиялык таза жылытуу системаларын орнотуу үчүн жылдык 6% менен жеңилдетилген насыя ала алышат. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, насыя беш жылга чейинки мөөнөткө 1 млн сомго чейин берилет. Каражат заманбап, энергияны үнөмдөөчү жылытуу жабдууларын, анын ичинде жылуулук насосторун сатып алууга жана орнотууга багытталат. Каржылоо “АБанк”, “Элдик Банк” жана “Бакай Банк” аркылуу жүргүзүлөт.
Долбоор жеке сектордо көмүр жагуудан чыккан зыяндуу заттарды азайтып, абанын сапатын жакшыртууга жана смогго каршы күрөшүүгө багытталган.

