Жогорку Кеңеште «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмүн 4 миң сомдон 10 миң сомго көбөйтүү сунушталды.
Демилгечи депутат Нилуфар Алимжанованын айтымында, аталган төлөм 2018-жылдан бери берилип келет. Андан берки инфляцияны эске алганда төлөмдүн өлчөмүн кайра карап чыга турган учур келди.
«Сегиз жылдан бери 4 миң сомдун реалдуу мааниси жана сатып алуу жөндөмү бир кыйла төмөндөдү. Андыктан 4 миң сомдон 10 миң сомго көбөйтүүнү сунуштап жатам. Бул каражат үй-бүлөнүн бардык чыгымын жаппайт, бирок ошол кырдаалда маанилүү колдоо болот», — деген эл өкүлү.
Эске салсак, сүйүнчү акчаны ата-эне бала төрөлгөндөн баштап алты айга чейин ала алат.

