Кечээ, 17-сентябрда, Балыкчы — Кочкор жолунда эки оор жүк ташуучу унаа жана жеңил машина катышкан жол кырсыгы катталды.
Нарын ОИИБдин маалымат кызматы билдиргендей, каргаша түшкө маал, саат 11лерге жакын Кочкор районундагы Орто-Токой суу сактагычынын тушунда болгон.
Shacman үлгүсүндөгү чоң машина Кара-Кечени көздөй бара жатканда Jiefang үлгүсүндөгү контейнер жүктөлгөн транспорт менен кагышкан. Андан кийин Toyota Camry үлгүсүндөгү жеңил унааны сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен Jiefang айдаган киши мүрт кеткен. Ал эми эки айдоочу Балыкчыдагы ооруканага түшкөн.

