Эске салсак, 6-11-класстардын окуучулары «программаларды толук өздөштүрүү жана билим берүүнүн сапатын камсыздоо» үчүн ишемби күндөрү окууга аргасыз болушат.
Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, окуу жылында ишемби күндөрү сегиз кошумча окуу күнү каралган.
Социалдык тармактарда 2026–2027-окуу жылына сунушталган окуу ишемби күндөрүнүн тизмеси пайда болду:
- 19-сентябрь — 2-сентябрга,
- 17-октябрь — 3-сентябрга,
- 21-ноябрь — 4-сентябрга,
- 19-декабрь — 7-сентябрга,
- 16-январь — 8-сентябрга,
- 20-февраль — 9-сентябрга,
- 20-март — 10-сентябрга,
- 17-апрель — 11-сентябрга,
- 22-май — 14-сентябрга.
Билим берүү министрлиги билдиргендей, мекеме тизмени түзбөйт — мектептер жана райондук билим берүү бөлүмдөрү окуу ишемби күндөрүн өздөрү аныкташат. Ошондуктан көрсөтүлгөн тизме баарына тиешелүү болбошу мүмкүн.
1-5-класстар үчүн беш күндүк окуу жумалыгынын колдонулуп жаткан режими сакталат. Окуу жылын өзгөртүүсүз — 25-майда аяктоо пландалууда.

