Аяз Баетов Кыргызстандын президентинин атайын өкүлү болуп дайындалды


Аяз Баетов Кыргызстандын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп коомдук башталышта дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин Баетов Юстиция министрлигин жетектеген. 2026-жылдын 8-сентябрында ал министр кызматынан бошотулуп, Кыргызстандын Нью-Йорктогу БУУдагы туруктуу өкүлү болуп дайындалган.