9-класстын окуучусунун өлүмүнө шек саналган төрт өспүрүм 2 айга камалды


Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 9-класстын окуучусунун өлүмүнө шек саналып кармалган төрт өспүрүм 19-ноябрга чейин камакка алынды.

Мындай чечимди 19-сентябрда Ала-Бука райондук сотунун тергөө судьясы чыгарган.

Окуя 18-сентябрда болгон. Милициянын маалыматы боюнча, каза болгон 15 жаштагы өспүрүм (Д.Р.) Чаткал районунун Жаңы-Базар аймактык ооруканасына жетпей каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси – “Ден соолукка оор залал келтирүү” менен кылмыш иши козголгон. Тергөөдө Чаткал райондук ички иштер бөлүмү кылмышка шектүү катары 17 жаштагы төрт өспүрүмдү (И.М., Н.С., Н.К., Т.А.) кармаган.

Каза болгон бала 9-класстын, ал эми шек саналып кармалган төрт өспүрүм 11-класстын окуучулары.