Окуу китептеринин «Дордой» баштаган базарларга тарап кетиши боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.
Депутат иш козголгону тууралуу гана кабары бар экенин айтып, кайсыл берене менен тергелип жатканы боюнча маалыматты тактаган жок.
“Бул жерде коррупциялык элементтер барбы деген бүдөмүк ой менен бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерин чакырдык. Биз бул боюнча кылмыш иши козголгонун уктук. Ошондуктан депутаттар комитеттин жыйынын купуя өткөрсөк”, — деди ал.

