Кыргызстанда салык төлөөчүлөрдүн суроолоруна эми AiSalyk жасалма интеллект-кеңешчи жооп берет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Виртуалдык жардамчы күнү-түнү иштеп, эки түрдүү тартипте кызмат көрсөтөт. Каалаган колдонуучу МСКнын сайтынын башкы бетинен суроо берип, текст же үн билдирүүсү түрүндө консультация ала алат. Ал эми жеке кабинетте AiSalyk кененирээк жана так маалымат берет, анткени ал контекстти колдонуп, дал ошол ишканага байланыштуу маселелерди чечүүгө көмөктөшөт. Мындай учурда кырдаалды ар жолу кайрадан түшүндүрүп отуруунун кажети жок болот.
ЖИ-кеңешчи колдонуучуларга кыргыз жана орус тилдеринде жооп берет, ошондой эле актуалдуу өзгөртүүлөрдү эске алуу менен салык мыйзамдарынын базасы боюнча иштейт.

