“Открой сердце” коомдук кайрымдуулук фондунун түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгынын урматына Бишкекте 50гө жакын ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга концерттик программа тартууланды.
Аталган фонддун жетекчиси Людмила Лобасенко ГЛП ЖЧКсына (“Байлото”) кайрылып, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга колдоо көрсөтүүнү суранган. Байлото компаниясынын жетекчилиги тарабынан кайрылуу канааттандырылып, 50гө жакын балага концелериялык товарлар алып берилди.
“Байлото” компаниясынын расмий өкүлү Адилет Темирланов белектерди өзү тапшырып, фондду 5 жылдык юбилейи менен куттуктап, балдарга бекем ден-соолук, иштерине ийгилик каалады.

“Бизге Людмила Лобасенко ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга колдоо көрсөтүү боюнча кат менен кайрылды. Жетекчилик тарабынан дароо макулдук берилип, балдарга керектүү концелериялык товарлар алып берилди. Биздин компаниянын ички уставында социалдык проектилерди ишке ашыруу да каралган. Андыктан, биз мындай иштерди мындан ары дагы улантабыз”, — деди Адилет Темирланов.
Эске салсак, “Байлото” компаниясы буга чейин Токмок шаарындагы балдар үйүнө да мектеп формаларын алып беришкен.


