Туризм Кыргызстанга жарым жылда 34 млрд сом алып келди


2026-жылдын январь–июнь айларында туризм тармагындагы дүң кошумча нарк 34 млрд сомду же ИДПнын 3,6%ын түздү. Жарым жылда өлкөдө 1,9 млн адам эс алып, Кыргызстандын чек арасынан 4,9 млн чет элдик жаран өткөн.

Туристтик объекттерди курууга салынган инвестициялар 15,9 млрд сомго жетип, былтыркыга салыштырмалуу 1,3 эсеге өскөн. Туристтер негизинен Өзбекстан, Казакстан, Орусия жана Кытайдан келишет.