Диктор Тамара Жаманбаева акыркы сапарга узатылды


Бишкекте КР эл артисти жана белгилүү диктор Тамара Жаманбаева акыркы сапарга узатылды.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов баштаган бийлик өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, замандаштары, кесиптештери, шакирттери жана жакындары катышты.

Кыргыз телевидениясынын алгачкы дикторлорунун бири 28-сентябрда узакка созулган оорудан кийин каза болгон.