Кыргызстанда жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктерине жумуш издегендерден жумуш табуу жана тандоо үчүн акы алууга тыюу салуу сунушталууда. Эмгек министрлигинин мыйзам долбооруна ылайык, агенттиктин кызматын иш берүүчү төлөшү керек. Документ коомдук талкууга чыгарылды.
Кыргызстандыктарды чет өлкөгө жумушка жөнөткөн же чет элдиктерди КРда жумушка орноштурган агенттиктерге беш жылдык лицензия киргизүү сунушталууда. Өлкө ичинде иштеген агенттиктер атайын реестрге катталып, ишмердиги тууралуу үзгүлтүксүз отчет бериши керек болот.

