Кыргызстанда жыл башынан бери үй-бүлөлүк зомбулуктан 26 киши өлтүрүү катталды


Кыргызстанда сегиз айда үй-бүлөлүк зомбулуктан улам 26 киши өлтүрүү катталган. Дагы үч кылмыш иши суицидге жеткирүү фактылары боюнча козголгон. Мындай маалыматты Ички иштер министрлиги ведомстволор аралык аналитикалык отчеттуулугунда келтирет.

Бул мезгил ичинде жалпысынан 440 үй-бүлөлүк зомбулук учуру катталып, кылмыш иштери козголгон. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 53 учурга көп.

440 кылмыш ишинин 276сы сотко жөнөтүлгөн, 123ү токтотулган, дагы 41 иши өндүрүштө. Киши өлтүрүүлөрдөн тышкары, ден соолукка оор залал келтирүү фактылары боюнча 26 кылмыш иши катталган. Дагы 167 иши ден соолукка жеңил залал келтирүү, 59у – сабоо менен байланыштуу.

Зордуктоо факты боюнча 33, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери боюнча – 12, бузуку аракеттер боюнча – 13 иш катталган. Дагы бир иш сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо фактысы боюнча, бир иш болсо 16 жашка чыга элек балага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер фактысы боюнча козголгон.

Үй-бүлөлүк зомбулук беренеси боюнча 35 кылмыш иши катталган. Ички иштер министрлигинин отчетунда катталган 26 киши өлтүрүү фактысы боюнча каза болгондордун жынысы боюнча бөлүнүшү жок. Ал эми 2026-жылы жарыяланган укук коргоо органдарынын үй-бүлөлүк жаңжалдардын алкагында киши өлтүрүү учурлары боюнча билдирүүлөрүндө жабырлануучулар аялдар болушкан.

Мисалы, январь айында Сузак районунда 28 жаштагы аялды, тергөөнүн маалыматы боюнча, күйөөсү өлтүргөн. Апрель айында Баткен облусунда бир киши аялын өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыйган. Ал эми 23-сентябрда Кара-Балтада аялдын сөөгү табылып, анын күйөөсү киши өлтүрүүгө шектүү катары кармалган.

Мындай учурлар көбүнчө фемицид – аялдарды жынысына байланыштуу өлтүрүү, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктун фонунда катары каралат. Ошол эле учурда Кыргызстанда фемицид темасы жетиштүү изилденбей келет, ал эми расмий статистика толук картинасын бербейт.