Марлен Маматалиев: Парламент педофилдерге карата жазаны жеңилдетпейт


«Педофилдердин орду түрмөдө, алардын коомдо орду жок, деп бүгүн парламенттин жыйынында спикер Марлен Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, коомчулукта педофилдерди коргоп сүйлөгөнү айтылган депутат Айсаракан Абдибаеванын сөзү боюнча активдүү талкуулар жүрүп жатат.

«Бул тема боюнча талкуу комитеттин жыйынында бир катар жарандардын кайрылуусунан кийин башталган. Депутат жалпы теманы талкуулоо алкагында өз оюн билдирүүгө укуктуу. Бирок, бул үчүн бүтүндөй парламентти сындаган туура эмес. Белгилей кетсем, депутат педофилдер боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген эмес жана парламент мындай кадамга эч качан барбайт. Тескерисинче, биз мыйзамды катаалдаттык, ошондо бардык педофилдер түрмөгө отуруп, өмүрүнүн аягына чейин чирийт. Жада калса кастрация киргизүүнү да ойлогонбуз, бирок кийин баш тарттык. Биздин принцибибиз ушундай болгон – педофилдер катардагы адамдардын чөйрөсүндө жашабашы керек. Биз билгендей, мурда кичинекей балдарды, майыптарды зордуктаган учурлар болгон, кээ бир педофилдер психикалык ооруга шылтоолоп, аныктама алып, эркиндикке чыгышкан. Мындайга жол берүүгө болбойт», — деп белгиледи Марлен Маматалиев.

Ал кошумчалагандай, депутаттардын дарегине күнөөсүз жаш балдар педофил катары тартылып, мыйзамсыз соттолгону тууралуу кайрылуулар келип түшүүдө. Ал ар бир мындай учурду прокуратура текшерүүгө чакырды.

«Социалдык тармактарда педофилия боюнча талкуулардан кийин парламентке сын күчөгөнүн көрүп жатабыз. Бизди алсыз парламент, нотариус деп аташат. Эгер сын негиздүү болсо, биз аны кабыл алабыз. Бирдеме кылбай туруп, өлкө үчүн эч нерсе жасабаган кээ бир саясатчылар же башка адамдар бизди сындап баштаса, анда бул мүмкүн эмес. Жогорку Кеңештин имиджине зыян келтирүү эч кандай кесепетсиз болбошу керек», — деп кошумчалады Марлен Маматалиев.