Чаекте 240 үй-бүлө жаңы батирлүү болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда Нарын шаарындагы жана Кочкор районундагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөрдүн ачылыш аземинде билдирди.
«Дагы бир жакшы жаңылык, жакында эле Жумгал районунун Чаек айылында дагы 8 блоктон турган, 6 кабаттуу, 240 батирлүү турак жай комплексинин курулушу башталды», — деп белгиледи президент.
Белгилей кетсек, бүгүн Нарын облусунда 433 үй-бүлө жаңы батирлүү болду.

