Кыргызстанда кант диабети менен ооруган 90 миң киши каттоодо турат


Кыргызстанда 90 миң киши кант диабети боюнча расмий каттоодо турат. Бул тууралуу Эндокринологиялык диспансердин дарыгери Айсулуу Стамкулова Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, оорулуулардын чыныгы саны мындан көп болушу мүмкүн.
«Бул расмий каттоодон өткөн бейтаптар. Дарты тууралуу билип, бирок кайсы бир себептерден улам дарыгерге кайрылбай жүргөндөр да бар. Илдети тууралуу таптакыр кабары жоктор да кездешет», — деди Стамкулова.
Ал катталган бейтаптардын көбү кант диабетинин экинчи тиби менен жабыркай турганын белгиледи. Биринчи тибине кабылгандардын саны 10-12 пайызды түзөт.
«2025-жылга берилген маалымат боюнча, каттоодон өткөн 90 миң бейтаптын 10 пайызын биринчи типтеги диабетке кабылган балдар түзөт. 2026-жылдын соңуна чейин бул көрсөткүч өзгөрүшү мүмкүн», — деди Стамкулова.
Адис семирүү экинчи типтеги кант диабетин жана башка ооруларды шартташы мүмкүн экенин белгиледи. Ашыкча салмак муун, омуртка, кан тамыр ооруларына, атеросклероз, инфаркт жана инсульт илдеттерине кептей турганы кошумчаланды.