Эрлан Марс уулу АКШдагы дүйнө чемпионатында коло байге утту


Кыргызстандык балбан Эрлан Марс уулу АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңип алды.

Ал грек-рим күрөшүнүн 82 кг чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Бул Кыргызстандын курама командасынын дүйнө чемпионатындагы экинчи коло медалы. Буга чейин Кубаныч Арынов 60 кг чейинки салмакта коло байгеге ээ болгон.