Бакыт Караев Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Тиешелүү тескемеге борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.
Буга чейин аталган кызматты аркалап келген Медербек Амангелдиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду.

