Кыргызстанда 300-500 миң долларлык жеңил сооттолгон техника чыгарылууда


Кыргызстанда баасы 300 миң доллардан 500 миң долларга чейин жеткен жеңил сооттолгон техника чыгарылууда. Автоунаалар «Бишкек аренада» уюштурулган KYRGYZSTAN EXPO жана EXPO EURASIA KYRGYZSTAN эл аралык көргөзмөгө коюлду.

«Илбирс» компаниясынын жетекчисинин орун басарынын айтымында, бул унааларды Кыргызстандын күч түзүмдөрү сатып алган. Машиналар коргонуу системалары, тепловизорлор менен жабдылган.
«Тротил эквивалентинде 6 килограммга чейинки жарылууга туруштук берет. 10 кишиге чейин батат. Ишкана жылына 40 унаага чейин чыгара алат. Келечекте аны 110го жеткиребиз», — деди компаниянын өкүлү.
Эскерте кетсек, көргөзмөлөр ишин 17-октябрда жыйынтыктайт.