Тувада аюулардын коркунучунан улам мектептердеги сабактар кыскартылды


Туванын борбору Кызыл шаарында аюулардын калктуу конуштарга жакындап келүү коркунучунан улам мектептерде сабактар кыскартылып, кошумча ийримдер токтотулду. Бул тууралуу ТАСС билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-октябрдан тарта мектептердин экинчи нөөмөтүндөгү сабактардын узактыгы 30 мүнөткө чейин кыскартылды. Экинчи чейректен баштап бул нөөмөттөгү бардык сабактар 30 мүнөттөн өтүлөт. Ошондой эле окуучулардын кошумча сабактары токтотулду.

Сибирь аймагында аюулардын калктуу конуштарга кирип келүүсүнө байланыштуу кырдаал курчуп жатат. Августтун аягынан тартып бул жаныбарлар адамдарга кол сала баштаган. Тувага коңшу Красноярск крайында аюулардын кол салуусунан жети адам каза болгон.

Сентябрдын аягында Тувада эс алып жүргөн москвалык хоккей машыктыруучусу Александр Кузьменкону аюу өлтүргөн. Мындан тышкары, бул жаныбарлар Кызыл шаарынан жана ага жакын жайгашкан калктуу конуштардан байкалган.

Бул кырдаалга байланыштуу аталган өлкөнүн 13 районунда жогорку даярдык режими киргизилди. Токойлордо жана аларга чектеш аймактарда массалык маданий, спорттук, мектеп жана балдар иш-чараларын өткөрүүгө тыюу салынды.

Ошондой эле ата-энелерге балдарын мектепке коштоп баруу сунушталды. Токойго жакын жашаган тургундар үчүн коменданттык саат киргизилди.