Бүгүн, 15-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «2025-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасы жөнүндө маселе каралды.
Талкуу маалында депутат Уланбек Жаанбаев аутизм, Даун синдромуна жана церебралдык шал илдетине чалдыккан балдардын көйгөйлөрүн жана ушул жааттагы мыйзамдарда каралган алардын укуктарынын сакталышы боюнча Акыйкатчы институту тарабынан көрүлгөн чараларга кызыкты. Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева 2025-жылы жана 2026-жылдын тогуз айында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктарынын сакталышы боюнча 5 мониторинг жүргүзүлгөнүн, анын жыйынтыгында тиешелүү министрликтерге сунуштамалар берилгенин маалымдады. Муну менен катар эл өкүлү 2005-2007-жылдары Ош облусунда ВИЧ инфекциясынын жайылышынан жабыр тарткан балдарды социалдык жактан колдоону күчөтүү керектигин кошумчалады.
Ал эми депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 109-беренесине ылайык, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына парламенттик көзөмөлдү Акыйкатчы жүргүзөрүн жүйө келтирип, институтту бул багыттагы ыйгарым укуктарын жигердүү пайдаланууга чакырды.
Депутат Бактыяр Калпаев эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо чараларын күчөтүү, анын ичинен Россиянын миграция кызматынын реестринен Кыргызстандын жарандарын чыгаруу маселесине токтолуп: «Бул багытта Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен байланышты күчөтүү зарыл. Анткени аталган тизмеге жаш балдар да киргизилип калган учурлар бар», – деди.
Өз кезегинде депутат Таалайбек Сарыбашов жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жаза өтөө маселелерин ортого салып, ошондой эле алардын коомго кайра аралашуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү керектигин билдирди.
Депутат Камила Талиева бейтаптардын укуктарын коргоону күчөтүү жана саламаттык сактоо тармагындагы актуалдуу социалдык маселелерди чечүү зарылдыгына басым жасап, бул маселелерди парламентте кеңири талкуулоо чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи.
Жыйынтыгында «2025-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасы эске алынды.

