Чек ара кызматы рэпер Navai баңгизат менен көзөмөлдөн кантип өтүп кеткенин тактап жатканын кабарлады.
Мекеме эгерде чек арачылардын аракеттеринде мыйзам бузуу аныкталса, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартыларын билдирди.
Эске салсак, кечээ казакстандык чек арачылар рэпер Наваи Бакировду Кыргызстандан чыккандан кийин кармашкан. Анын унаасынан 2,5 грамм марихуана табылган.
Рэпердин Астанада концерти өтмөк. Ага чейин ал Бишкекте концерт берген.

