УКМК: Бишкек шаарында психотроптук заттарды мыйзамсыз сатуу боюнча ири каналга бөгөт коюлду


Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстанга тыюу салынган психотроптук заттарды мыйзамсыз алып келүү боюнча ири каналдын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Тактап айтканда, комплекстүү ыкчам иш-чаралардын алкагында психотроптук заттарды камтыган таблеткаларды сатуу учурунда жеткирүүчү , фармацевт жана ири каналдын уюштуруучусу кылмыш үстүндө кармалды. Аталган таблеткалар «Лирика» («Magnus PREGALAX 300») жана эл арасында «Тропикамид» деген аталыштар менен белгилүү.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар улантылууда.