Айзада Субакожоева Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп дайындалды


Актилек Мусаева Кыргызстандын Кытайдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Мусаева Актилек Ишенгазыевна Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызмат ордунан бошотулду.

Президенттин дагы бир Жарлыгы менен Субакожоева Айзада Муратбековна Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.