15-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунда жылына 3 миң тоннага чейин даяр продукция чыгара турган балыкты кайра иштетүүчү завод ачылды. Ишкана «Салих Аква» кластерине кирет. Анда форель, осетр жана башка балыктар кайра иштетилет. Чийки затты кластердин чарбалары гана эмес, жергиликтүү башка балык өстүрүүчүлөр да жеткире алышат.
2022-жылдан бери «Салих Акваны» өнүктүрүүгө 10 млн долларга жакын инвестиция салынган. Анын 6,355 млн долларын Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду каржылаган. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы завод жергиликтүү балыкты кайра иштетүүнү көбөйтүп, экспортту кеңейтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө жардам берет.

