Министрлер кабинети чет өлкөдөн картошка импорттоого алты айлык убактылуу тыюу салуу тууралуу токтом кабыл алды. Чечим жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган. Чектөө токтом күчүнө киргенден үч күн өткөн соң колдонула баштайт.
Тыюу транзиттик жүктөргө, токтом күчүнө киргенге чейин Кыргызстанга жөнөтүлгөн картошкага, ошондой эле илимий изилдөө жана сыноолор үчүн ташылган продукцияга тиешелүү эмес. Транзиттик жана мурда жөнөтүлгөн жүктөр үчүн тастыктоочу документтер талап кылынат.

