Кыргызстан 2027-жылы туристтер арасында популярдуулугу эң тез өсүшү мүмкүн болгон дүйнөлүк багыттардын рейтингинде биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу 15-октябрда Falstaff Travel журналы Skyscanner туристтик платформасынын изилдөөсүнө таянып жарыялады.
Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанга авиабилеттерди издөө боюнча суроо-талап бир жылда 501% өскөн. Экинчи орунда Египеттин Хургада шаары 186% өсүш менен, үчүнчү орунда Швециянын Мальмё шаары 103% өсүш менен турат.
«Falstaff Travel басылмасы Кыргызстандын туристтер үчүн жагымдуулугун уникалдуу жаратылышы, укмуштуу саякаттарга болгон мүмкүнчүлүктөрү жана кыргыз элинин бай көчмөн маданияты менен байланыштырган», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, буга чейин Кыргызстан Lonely Planet сыяктуу эл аралык туристтик басылмалардын да көңүлүн буруп, сунуштарына кирген.

