Кечээ, 18-октябрь күнү кечинде Ысык-Көл облусунда электр энергиясын массалык түрдө өчүрүү катталган. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти. Алардын айтымында, жарыксыз Ысык-Көл, Түп жана Ак-Суу райондорунун, ошондой эле Каракол шаарынын тургундары калышкан.
Тургундар жарык 19:15те өчүрүлүп, бир сааттан кийин күйүп, анан кайра өчүрүлгөнүн айтышкан.
«НЭСК» ишканасынан Тамга подстанциясында жабдууларда авариялык абал жаралып, бул облустагы энергия менен камсыздоого таасирин тийгизгенин билдиришти. Бул абал 18:37де катталып, 19:10до энергия менен камсыздоо калыбына келтирилген. Кайрадан 20:47де энергия берүү 21:15те жандандырылган.
Учурда өчүрүлгөн жабдуулар оңдоого алынды.

