Бул тууралуу Европалык-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборуна таянып, ТАСС кабарлады.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Хуздар шаарынан 46 чакырым түндүк-батышта жайгашкан. Аталган шаарда болжол менен 141 миң адам жашайт.
Ал эми жер титирөөнүн очогу 35 чакырым тереңдикте болгон.
Азырынча жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшө элек.

