Кенияда Эбола вирусуна чалдыккандардын саны жетиге жетти. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, Кениянын Саламаттык сактоо министрлиги Эбола-Бундибугйо вирусунун төрт жаңы учурун тастыктады. Өлкөдө геморрагиялык лихорадканын жайылышын алдын алуу аракеттери күчөдү.
Илдетти жуктурган төрт адамдын арасында Эболадан каза болгон биринчи бейтаптын жакын тууганы бар экени айтылууда. Ошондой эле ооруканада көз жумган бейтапка кам көргөн үч медициналык кызматкер бар.

