Садыр Жапаров: Бюджеттин ар бир сому мамлекетке жана элге кызмат кылышы керек


Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 1 триллион сомдон ашып, мамлекеттик каражаттарды пайдаланууга болгон жоопкерчилик жогорулады, андыктан бюджеттин ар бир сому элге кызмат кылышы керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун КР Эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чаранын катышуучуларына жолдогон куттуктоосунда белгиленди.

Мамлекет башчысы Эсептөө палатасынын тарыхы өлкөнүн эгемендик жылдарындагы өнүгүү жолу менен тыгыз байланышта экенин белгилеп, 2023-жылдын 31-майында кабыл алынган Конституциялык мыйзам мамлекеттик аудиттин өнүгүшүнүн жаңы этабын баштаганын айтты.

“Бүгүн Эсептөө палатасы мамлекеттик аудитти жүзөгө ашырган, мамлекеттик финансылык тартипти камсыз кылууда өзгөчө орду бар институт болуп саналат”, — деп айтылат куттуктоодо.

Президент мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, өлкө боюнча ири инфраструктуралык жана социалдык долбоорлор ишке ашырылып жаткан шартта мамлекеттик каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышы өзгөчө мааниге ээ экенине токтолду.

“Биз бюджеттик каражаттын кайра жумшалганын текшерүү менен катар, анын мамлекетке жана элге кандай натыйжа бергенин так көрүшүбүз керек. Аудиттин жыйынтыгы мамлекеттик башкаруудагы конкреттүү өзгөрүүлөр менен өлчөнүп, айтылган сунуштар иш жүзүндө аткарылышы керек”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ошондой эле ал Эсептөө палатасынын көз карандысыздыгын, аудиторлордун калыстыгын жана кесиптик принципиалдуулугун сактоо зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысынын айтымында, санариптик механизмдердин киргизилиши чарбалык операциялардын ачык-айкындуулугун жогорулатып, көмүскө жүгүртүүнү аныктоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түздү. Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар жана электрондук эсеп-фактуралар мамлекеттик аудиттин ишин жеңилдетүүгө өбөлгө болууда.

“Биз мамлекеттик аудиттин ишинде жаңы деңгээлге чыгышыбыз керек. Мыйзам бузуулар болуп кеткенден кийин анын кесепеттерин жоюу менен чектелбестен, алардын алдын алууга жөндөмдүү болуусу кажет”, — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Эсептөө палатасы тобокелдиктерди алдын ала аныктап, мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатууга салым кошкон институтка айланышы керектигин белгиледи. Ал эл аралык жогорку аудит органдары менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу да маанилүү экенин кошумчалады.

Президент ардагерлерге мамлекеттик финансылык тартипти бекемдөөгө жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, Эсептөө палатасынын кызматкерлерине жооптуу иштеринде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, президенттин куттуктоо сөзүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев окуп берди.