Кыргызстанда инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү сунушталууда


Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов инвестиция тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштады. Максат — ашыкча бюрократияны азайтып, инвесторлордун укуктарын коргоону күчөтүү. Учурда ишкерлер мамлекеттик органдарда бар документтерди кайра тапшырууга аргасыз болуп, айрым арыздар менен долбоорлорду кароонун так мөөнөтү белгиленген эмес.

Мыйзам долбоорунда төмөнкү өзгөртүүлөр каралган:

• Чет өлкөлүк инвесторлорду аккредитациялоо ыктыярдуу болот
• Мамлекеттик органдар өздөрүндө бар документтерди кайра талап кыла албайт
• Инвесторлордун арыздары 30 күндө каралат, өзгөчө учурларда мөөнөт дагы 15 күнгө узартылат
• Оңдолгон инвестициялык сунуштар 15 күндө, долбоорлор 30 күндө кайра каралат
• Инвестициялык келишим түзүүдөн баш тартуу мыйзамга таянуу менен негизделиши керек