18-октябрда Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, архитектор Эдил Айдарбеков көз жумду. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди. Ал 1947-жылы 21-февралда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында төрөлгөн. Архитектор болуп эмгектенип, Кыргыз инженердик-курулуш институтунда сабак берген.
Айдарбеков дагы төрт автор менен биргеликте 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган Кыргызстандын мамлекеттик туусунун долбоорун иштеп чыккан. 2011-жылы «Даңк» медалы менен сыйланып, 2022-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алган.

