Жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчысы болгон Сыймык Жапыкеевдин милицияга жеткирилгени боюнча Ички иштер министри Улан Ниязбеков түшүндүрмө берди.
Бүгүн социалдык тармактарда Сыймык Жапыкеев милиция кызматкерлери аны негизсиз кармап кетишкенин айткан болчу.
«19-октябрда саат 02:11де Бишкек шаарынын ИИББнын «102» кызматына Бишкек шаарындагы Жаманбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын тынчтыгын бузуу фактысы боюнча билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери Сыймык Жапыкеев достору менен бирге спирт ичимдиктерин ичип жатканын аныкташкан. Ал милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын Шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилген. Учурда тиешелүү материалдар топтолуп, юридикалык баа берүү үчүн Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Бул окуянын саясий өңүтү жок. Жаран Жапыкеев бүгүн Кыргызтесттен өтүүнү каалаган күндө да, мас абалында тест тапшырууга мүмкүн эмес. Бардык жагдайлар мыйзам чегинде каралат. Коомчулуктан бул маалыматты туура кабыл алып, такталбаган маалыматтарды таратпоону суранам», — деди ИИМ башчысы.

