Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 19-октябрда белгиленүүчү Социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Ал бул кесип чоң жоопкерчиликти, адамгерчиликти, сабырдуулукту жана адамдарга чын жүрөктөн кам көрүүнү талап кыларын белгиледи.
Өкмөт башчысы улгайган жарандарга, майыптыгы бар адамдарга, балдарга жана турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам берген адистердин эмгегин жогору баалады. Ошондой эле социалдык коргоону, пенсиялык камсыздоону жакшыртуу жана жакырчылыкты азайтуу боюнча иштерге токтолуп, эмгекчилердин укуктарын коргоодо кесиптик бирликтердин ролун белгиледи.

