Анда Садыр Жапаров Мухтар Аблязов менен 2020-жылы телефон аркылуу кырк мүнөт сүйлөшпөгөнүн, андан акча сурабаганын белгилеген. Болгону аны менен кыска убакыт гана сүйлөшүп, коңшу өлкөнүн ички саясатына аралашпай турганын, Аблязовдун айынан Казакстан менен мамиленин бузулушун каалабастыгын айткан.
“Мен куудул Борончу Кудайбергенов айткандай, “тооктор тобунун” кайрылууларын, билдирүүлөрүн көрбөйм. Чынымды айтайын, тээ башында бир-эки видеосун көргөм. Баары эле жалгандан ойлоп тапкан жалаа жабуулар, болбогон дооматтар экен. Орустар айткандай «ниже плинтуса» түшүп кетишиптир. Ошондон кийин көрбөй калгам. Убактым да жок аларды көргөнгө. Эгер сиз айткандай, аларга Аблязов кошулуп алып «мен Садыр Жапаровду мурдатан тааныйм, менден акча сураган» деп айтса, анда накта «аферист» экен.
Мен Аблязов менен мурдатан тааныш болмок түгүл Аблязовдун “А” тамгасын тааныбайт элем. 2020-жылы октябрь окуяларында менин жанымда азыр түрмөдө олтурган Мелис Аспеков деген бала жүрүп калбадыбы. Бир күнү мага келип телефон сунду: “Мухтар Аблязов “сүйлөштүрүп койчу” деп суранып жатат, сүйлөшүп коюңузчу”,- деп. Мен эч нерсе оюмда жок эле телефонду алып сүйлөштүм. Ал мени бир-эки мүнөт мактады. “Вот кыргызы вы молодцы, вы сделали третью революции, мы казахи не можем ничего сделать. Поэтому я у вас очень прошу помочь нам, если вы дадите добро я прилечу в Бишкек, там буду сидеть и организовывать революцию в Казакстане”,- деди.Дагы бир топ сөздөрү бар, эсимден чыгып калды. Биздин кыргыздын паспорту бар экенин, Атамбаевдин убагында алганын айтып өттү. Кыскасы, аны угуп бүтүп, эки эле сөз менен так кесе жооп бердим: “Во-первых, я не вмешиваюсь в политику соседних стран. Во-вторых, из-за вас я не буду портить отношения с Казакстаном. Лучше не приезжайте, занимайтесь своим делом”,- деп. Бүттү. Болгону эки эле мүнөт сүйлөшкөнбүз. Сиз сурап жаткандай 40 мүнөт эмес. Аферист болсо айта берет да. Ал убакта 40 мүнөт эмес, 4 мүнөт сүйлөшкөндөй убактым жок болчу. Акча сураган дегени карандай калп. Өзү кайырчылык кылып, казак элинен Франциядагы жеке жашоосуна теңге сурап жүргөн кайырчыдан мени “акча сураган” дегенине ким ишенет. Кайырчыдан акча сурады деген логикага да туура келбейт да. Революция болгон болчу. Бийлик башына эбак эле келип олтуруп калгам. Ал күндөрү акчанын да кереги жок болчу.
Түрмөдөн чыгарып келип, президенттик тактыга олтургузган эл акчасыз эле шайлап коёру турган иш болчу. Ошондуктан жалганчылар, аферисттер бир нерсе деп айтса эле ишене бербегиле. Алар “шымына коё берип алган бала колун аябайт” болуп ар түркүн жомокторду токуп чыгып жатышат.
Андыктан Аблязовуна да, башкасына да баш оорутуп, көңүл бөлүүгө убактым жок. Болгону силер ушуларды угуп, олуттуу кылып суроо берсеңиздер айрым жарандарыбыз аларга ишенип алышпасын деп, болгонун болгондой айтып коюуну туура көрдүм. Эртең дагы бир жалганды токуп чыгышат. Аларга жооп бериштин кереги жок. Эл өзү эле талдап алат. Азыр эл башка. Саясатты семичкедей чагат. 30 жыл мурдагы эл эмес”, — деп белгилеген өлкө башчысы.

