Өзбекстандын калкы бир жылда дээрлик 700 миң адамга көбөйдү


Өзбекстандын калкынын саны бир жылда 692,2 миң адамга көбөйүп, 39 миллион 535 миң 225 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика комитети маалымдады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата калктын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,8%га өскөн.

Калкы эң көп аймак — Самарканд облусу. Анда 4 миллион 462 миңден ашык адам жашайт. Ал эми калкы эң аз аймак Сырдарыя облусу болуп, анда 965 миңден ашык адам катталган.