Муфтият орозонун болжолдуу датасын жарыялады


Кыргызстанда Орозо айы 2027-жылдын 8-февралында башталышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.
Маалымдалгандай, так күн Орозо айы жакындаганда жарыяланат.
Буга чейин Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы келе жаткан жылга Орозо айынын календарын жарыялаган. Ага ылайык, орозо 8-февралда башталып, кадыр түн 5-марттан 6-мартка караган түнгө туура келет.
Ошондой эле Орозо айт 9-мартка, ал эми Курман айт 16-майдан 18-майга чейинки күндөргө белгиленген.
Адатта Борбор Азия өлкөлөрүндө ыйык ай бирдей мезгилде башталат.