Дүйнөлүк жылдыз үчүн кыргыз стили: Шакира KESHTE мода үйүнөн белектерди алды


Дүйнөгө белгилүү ырчы Шакира Бишкектеги концертине даярдык көрүп жатып Назгүл Каарованын KESHTE мода үйүнүн кыргыз тебетейин кийип репетиция жасады. Дүйнөлүк жылдызга болгон урмат-сыйдын жана кыргыз меймандостугунун белгиси катары бренд ырчы айымга тебетей, улуттук чапан жана дизайнердик сумка да белек кылды.

2026-жылдын 18-октябрында Бишкек дүйнөлүк музыка маданияты менен кыргыздын улуттук салттары айкалышкан өзгөчө учурга күбө болду. Концерт алдындагы репетиция учурунда Шакира KESHTE мода үйүнүн тебетейин жана кыргыз чапанын кийип, кийинчерээк Instagram Stories баракчасына сүрөттөрүн жарыялап, Кыргызстанга «Salam Kyrgyzstan!» деген сөздөр менен салам жолдоду.

Бул окуя кыргыз мода индустриясы үчүн өзгөчө мааниге ээ болду: улуттук баш кийим дүйнөлүк деңгээлдеги жылдыздын образынын бир бөлүгүнө айланды. KESHTE мода үйүнүн негиздөөчүсү Назгүл Каарова Шакира үчүн белектерди өзгөчө кылдаттык менен тандаган. Анын кынтыксыз табити, майда-баратка болгон көңүл буруусу жана заманбап моданы терең түшүнүүсү кыргыз маданиятынын өзгөчөлүгүн чагылдырган белектер аркылуу даана көрүнөт.

Бул демилге — жөн гана белгилүү конокко белек берүү эмес, Кыргызстандынын маданий мурасын мода жана дизайн аркылуу дүйнөгө таанытуу мүмкүнчүлүгү.

Тебетей менен чапан кыргыз элинин салт-санаасын, кадыр-баркын жана меймандостугун чагылдырган улуттук кийимдердин маанилүү бөлүгү. Заманбап үлгүдө алар өзүнүн тарыхый баалуулугун сактоо менен бүгүнкү мода дүйнөсүнө да шайкеш келет.

Шакира менен байланышкан бул окуя кыргыз дизайнеринин улуттук өзгөчөлүктү заманбап ыкмада чагылдырып, кыргыз модасын Эл аралык аренада таанытууга болгон далалатын дагы бир жолу көрсөттү.

KESHTE by Kaarova Nazgul — заманбап өңүттө жаңырган Кыргызстандын улуттук мурасы.