2025-жылы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тарбияланган балдардын саны 276 миңге жетти. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 76 миң 205 балага көп. Бул тууралуу Агартуу министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, 1–6 жаштагы балдардын мектепке чейинки билим берүү уюмдарына катышуу көрсөткүчү 2021-жылдагы 24%дан 2025-жылы болжол менен 35%га чейин өскөн. Ал эми 3–5 жаштагы балдардын 51%ы бала бакчага барууда.
Белгилей кетсек, 2021–2025-жылдары мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдардын саны 199 миң 813төн 276 миңге чейин өстү.

