Кыргызстанда жарандар менен уюмдарды кыймылсыз мүлккө болгон укуктарын документтер таризделгенден кийин 30 календардык күндүн ичинде каттоого милдеттендирүү сунушталууда. Мөөнөт өтүп кетсе, каттоо акысынан тышкары кечиккен ар бир күн үчүн туум эсептелет. Анын өлчөмүн Министрлер кабинети аныктайт. Мыйзам долбоорун Жер ресурстары жана кадастр боюнча мамлекеттик агенттик даярдаган.
Долбоорго ылайык, менчик укугу жана катталууга тийиш болгон башка укуктар мамлекеттик реестрге киргизилгенден кийин гана юридикалык күчкө ээ болот. Милдеттүү каттоодон өтпөгөн укуктар жараксыз деп эсептелмекчи. Ал эми катталган укукту сот аркылуу гана жокко чыгарууга болот.

