Аскер кызматкерлерин үйүнүн курулушуна иштеткен делип командир кармалды


20-октябрда УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте Коргоо министрлигинин Улуттук гвардиясынын аскер бөлүктөрүнүн биринин командири И.А.нын жеке үйүнүн курулушуна өзүнө баш ийген келишимдик
негизде кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерин системалуу түрдө тартуу фактысын аныктады.

УКМК тараткан маалыматта айтылгандай, алдын ала маалыматтар боюнча, курулуш иштерине тартылган аскер
кызматкерлеринин арасында аскер бөлүгүндө суткалык кезметте турган адамдар да болгон.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чогултулган материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин алкагында И.А. кармалып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96–97-беренелеринде белгиленген тартипте Бишкек шаарынын ИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.