«Манас» эл аралык аэропортунун аймагында 2 миңден ашык адамга ылайыкталган мечит куруу пландалууда. Имараттын аянты 1 500 чарчы метрди түзөт. Ал заманбап архитектура менен улуттук өзгөчөлүктөрдү айкалыштырган стилде салынат.
Курулушту 2026-жылдын аягында баштап, 2027-жылдын соңуна чейин бүтүрүү көздөлүүдө. Долбоор жарандардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат. Бул тууралуу мечиттин курулушуна арналган видеокайрылууда айтылды.

