Окуучулар үчүн 238 миңден ашык иш дептери басылып чыкты


Кыргызстандын Агартуу министрлиги табигый илимдер жана математика боюнча 238 430 нуска иш дептери басылып чыкканын билдирди. Алар кыргыз жана орус тилдеринде билим алган 2- жана 8-класстардын окуучуларына арналган.

• «Табигый илимдер», 2-класс, кыргыз тилинде — 88 505 нуска
• «Табигый илимдер», 2-класс, орус тилинде — 56 175 нуска
• «Математика», 8-класс, орус тилинде — 93 750 нуска

Жакынкы күндөрү иш дептерлери өлкөнүн аймактарындагы мектептерге жеткирилет.